НАСААТЧЫ МУГАЛИМДЕР

Математика мугалими Исакунова Жумакул жаш мугалим Ордобаева Заринанын, Байтикова Кайыркул - Асанкадырова Гулнуранын , кыргыз тили мугалими Арыкбаева Умут - Рыскелдиева Гулзаттын , Башталгыч класстын мугалими Асаналиева Айнакан - Керезбек кызы Венеранын , Исаева Тамара - Мусабекова Жылдыздын , орус тили мугалими Кубанычбек кызы Айзада - Абдылдаева Гулайымдын насаатчылары.

Касым Тыныстанов атындагы Чырпыкты жалпы орто билим берүү мектебинин 2016-2017-окуу жылынын 1-чейрегиндеги насаатчы мугалимдердин отчёт-анализи

Касым Тыныстанов атындагы Чырпыкты жалпы орто билим берүү мектебинин 2015-2016-окуу жылында насаатчылык иштин жүрүшү боюнча отчёт-анализ

***Мусабекова Ж.М. башталгыч класстын мугалимине насаатчы Исаева Т.М.

Окуу жылы ичинде кыргыз тилинен окуучуларды таза жазуу эрежесин,окуучулардын өз алдынча иштөөсүнө, сүйлөтүп, так аткаруу эрежелерин үйрөнгөн.Адабий окуудан окуучулардын текстти көркөм окуп,мазмунун тушунүү,талдоого карата усулдарды өздөштүргөн.Математикадан окуучуларга жадыбал жаттатуунун ыкмаларын,эки амалдуу маселелерге туура суроо берүү менен,так аткартууга үйрөнгөн.Мугалим Мусабекова Ж. жөндөмдүү,ар бир окуучунун тилин таап,жакшы мамиле жасай билет. СУНУШ: Насаатчы мугалим Исаева Т.М. менен бирдикте “Бирге окуйбуз” долбоорун ишке ашыруу.

Арыкбаева Ү.А. кыргыз тили жана адабиятынан Рыскелдиева Г.И. менен иштөөдө жаш мугалимдин каллиграфиясына,кыргыз тили жана адабияты боюнча жазуу иштеринин жалпы абалына, сакталышына,сырткы көрүнүшүнө өзгөчө көңүл бурган,бирок дагы эле жалпы абалы начар.Гүлзат фонетикалык, морфологиялык,синтаксистик, орфографиялык талдоолордон кыйналат, окуучулардын аткарган иштериндеги каталарды толук текшербейт. Мугалимдин календардык планыны ,өзүнө тиешелүү документациялардын жалпы абалы начар.Сабакты пландоодо сабактын максатын туура коюп,сабактын иштелмесин пландаштырууну үйрөнүп калды. СУНУШ: 1.Рыскелдиева Г-га 2016-2017-окуу жылында орфографиялык, пунктуациялык эрежелер,кыргыз тилинин грамматикасын (фонетика,морфология, синтаксис, лексикология) үйрөтүү. 2.Рыскелдиева Г-га тиешелүү мектеп документацияларына,6-б,7-б,9-аб класстарынын жазуу иштеринин жалпы абалына,сапаттуу текшерилишине көзөмөл жүргүзүү.

Ильгедеева Г.К. орус тили жана адабиятынан Асаналиева А. менен 3-чейрек бою класстык журнал толтурууну,календардык планды туура түзүүнү,предмет боюнча 5-6-класстардын окуучуларына туура баа коюу эрежелерин,диктанттык иштерди туура алуу,туура баалоонун нормативдерин, сабактын иштелмесин туура түзүүгө,жумушчу дептерлердин туура текшерилип, туура бааланышын, 3-чейректин жыйынтыгы менен отчёт түзүүнүн жол жобосун үйрөткөн.Мугалимдин кабыл алуусу жай болгондуктан 4-чейректе жогорудагы иштерди улантуу керек. СУНУШ: 1.4-чейректе мектептин документацияларын туура, так толтурууга, 5-6-класстардын жазуу иштеринин жалпы абалына көзөмөл кылуу. 2.Орус тилин окутуунун эрежелерин: синтаксистик,морфологиялык, фонетикалык талдоолорду үйрөтүү. 3.Орус адабиятынан окуучулардын текстти көркөм окуп, түшүнүүсүнө, алган билимдерин турмушта колдоно билүүсүнө карата аткарылган иштерге көзөмөл болуу менен мугалимдин сабактарына көп катышуу.

**Байтикова К.И. математика информатика мугалими Асанкадырова Г.М. менен 3-чейректе информатикадан практикалык иштен көнүгүү аткаруу дептерлерин уюштуруп бергендиктен тема ылайык көнүгүүлөрдү 7-8-класстарга иштептип жатат.5-6-класстардан текшерүү ишти туура талапка ылайык алууга,катанынын үстүндө иштөөдө текшерүү иштеги маселе мисалдарды иштөөдө түшунбөгөн маселелерге.туюнта,мисалдарга токтолууда бардык окуучуларды камтуусун сунуштап,сабактарына катышкан,анда мугалим Асанкадырова Г. бөлчөктөрдү кыскартууда ката кетиргендиктен,насаатчы мугалими учурунда эскертүү менен доскада кетирилген катаны оңдоо менен окуучуларга туура чыгаруу ыкмаларын түшүндүргөн.Ар бир 5-6-класстарга математика сабагынан берилишинде аткралыган эсептердин туура чыгарылышына насаатчы көзөмөл кылат. Сабакты өтүү усулуна жардам берет.Мисалы: окуучулардын днгээлине жараша кошумча эсептерди даярдоо б.а. сабакка бардык окуучуларды тартууга аракеттенүүгө үйрөтүүдө. СУНУШ: 1.2016-2017-окуу жылында өз билимин жогорулатуунун үстүндө ишт 2.Усулдук жардам алуу максатында,фундаменталдык предметтер боюнча сабактарга катышуу менен тажрыйба топтоо. 3.Предмет аралык байланышты сабакты пландаштырууда киргизүү,сабакка колдонуу. 4.Окуучуларды предметке кызыктыруу максатында ТСО,көрсөтмө куралдарды пайдаланып,турмуш менен байланышкан мисалдарды келитирип, сабак өтүү.

**Асаналиева А.О. башталгыч даярдоо классынын мугалими Турумбекова Ж. менен 3-чейректе сабактын иштелмесин туура жазууда сабактын тиби,формасы,усулу,көрсөтмө куралдар жана кошумча материалдар жөнүндө, дептер текшерүү, үлгү боюнча көрсөтүү, каталарды оңдоо бааны туура коюу, окуучулардын портфолиолорун түзүүнү үйрөткөн. СУНУШ: 2016-2017-окуу жылында Жазгүлдүн каллиграфиясынын үстүндө,сабак өтүү усулун,борборлоштуруп окутуу ыкмаларын жана мектеп документацияларынын туура толтурулушуна көзөмөл болуу,сабактарына катышуу.