9-Май 2015 биздин мектепте

Дата публикации: Sep 27, 2015 6:5:31 PM

“9-Май Улуу Жеништин 70 жылдыгына” арналган салтанаттын программасы1. Саат 8.00 Максүт көчөсүнүн клубдун жанында тизилет:1. К.Тыныстанов мектебинин 10-11-кл окуучуларынан 2 коробка2. №85 КЛ окуучуларынан 2 коробка3. Кош-Көл, Чырпыкты Жаштар уюмунан 1 коробка1.Мектептин коллективи, окуучулар 5-9-класстар2Балдар бакчасынын коллективи3№85 КЛ коллективи4.Айылдык кеңештин депутаттары5ФАП6.АДК7.Почта8.АВП, СООВП1.Айнур:Чырпыкты айылында Касым Тыныстанов орто мектеби, “Нурбала” балдар бакчасы, ФАП, АДК, Почта, АВП, СООППВ уюмдары иштейт. Кош-Көл айылында №85 кесиптик лицейи үзүрлүү эмгектенүүдө.Учурда Кош-Көлдө ФАП, Жаштар уюмунун офиси курулуп жатат.Жогорудагы уюм,мекемелердин түптөлүшүнө ардагер ата,апаларыбыздын салымы зор. Улуу Ата Мекендик Согушка айылдан бардыгы 147 аталарыбыз аттанып, 69 курман болуп, өз мекенине кайтпай калган. Ал эми 78 ардагер кайтып келип, эл чарбасынын ар кайсы тармагында үзүрлүү эмгектенген. Азыркы учурда Иманалиев Салмаке ата, Тентеков Койчукен ата, Саадабаев Рымбек аталар Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын сыймыгы болуп, ардактуу эс алууда.

2.Тынчтык:Алдыда келе жаткан Касым Тыныстанов атындагы Чырпыкты жалпы орто билим берүү мектебинин коллективи жана окуучулары. Мектепте 33 мугалим эмгектенет,жетекчиси эл агартуунун жана профсоюз кыймылынын отличниги,

райондун атуулу Иманалиева Жырпаркүл Тыбыновна, мугалимдердин ичинен 8 мугалим Эл агартуунун отличниги, 1 мугалим Профсоюз кыймылынын отличниги. Мектепте 416 окуучу окуйт. Быйыл мектептин 8-класстын окуучулары жана кыргыз тили адабияты мугалими Асымбекова Мыскалдын жетектөөсү менен областтык “Манас таануу” сынагынын баш байгесин жеңип алып, республикалык “Манас таануу” сынагына катышып баалуу белектер менен сыйланышкан. 7-майда Жети-Өгүз районунда өткөн Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 70 жылдыгына арналган грек-рим күрөшү боюнча Республикалык мелдеште Жылкыбек уулу Улукбек машыктырган окуучулар 1-2-3-орундардын ээси болуп келишкен.

3.Айнур:Алдыңыздарда Чырпыкты айылындагы “Нурбала” балдар бакчасынын жамааты,анын жетекчиси Эл агартуунун, Профсоюз кыймылынын отличниги Шамбеталиева Чолпон Аспековна. Балдар бакчасы 2013-жылы сентябрь айында ачылып, 2 жылдан бери үзүрлүү эмгектенүүдө, коллективде 22 кызматчы эмгектенет,алардын ичинен 5 тарбиячы жогорку билимдүү. 4 тайпа иштейт,100 бала тарбияланып жатат.

4.Тынчтык:“Мыкты билим берүү мекемеси” номинациясынын жеңүүчүсү катары облустук ардак тактада көрсөтүлгөн Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейдин коллективи.

Бул лицейди жетектеген Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасынын ээси, кесиптик билим берүүнүн отличниги Орозобекова Асыл Кызайбековна.

Лицейде 238 окуучу окуйт. Бүтүрүүчүлөрдүн 78 пайызы жумуш орду менен камсыз болушат.Лицейдин педагогикалык жамаатында 22 өндүрүштүк окутуунун устаты, 12 жалпы билим берүү боюнча мугалимдер эмгектенет.

5.Айнур:Алдыңыздарда Айылдык кеңештин депутаттары, төрагасы Иманалиев Нурбек Тыбынович катарында Абдылдаев Таштанбек Искакова А.К. Эгеев Жолдошбек Сыдыгалиев Алмаз, Акешов Анарбек,Конокбаев Таалай.

Жогорудагы депутаттардын демилгеси менен аткаруу бийлиги бирдикте Чырпыкты айылына “Нур бала бакчасы”ачылган, айылдык маданият үйүнүн чатыры толугу менен алмаштырылган,учурда кичи футбол аянтчасы курулуп

жатат,БСРдин 50% тазаланган,”Кагазсыз мектеп”долбоорунун ишке ашышына колдоо көрсөтүшкөн.

Кош-Көл айылында ФАП,жаштар уюмунун офиси

курулуп жатат.

6.Тынчтык:Чырпыкты айылдык ФАП Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2013- Иштермандык жылы жана медицина кызматкерлеринин күнүнө карата жарыяланган конкурстун “Мыкты Фельдшердик-акушердик пункт” номинациясы боюнча жеңүүчүсү, жетекчиси Саламаттык сактоонун отличниги, жогорку категориядагы врач Байгелдиева Калия Бейшеевна. ФАПта 2 медайым эмгектенет,айылдын 1941 тургунун,380 түтүндү тейлейт.Улуу Ата Мекендик согуштун 3 ардагерин,оорукта эмгектенген 6 ардагерди ар дайым ден соолугуна көзөмөл кылып,квалификациялык медициналык жардам берип турат. 2005-жылы 50000сомдук проект утуп алып, аптека ачкан. Айылдын эли дары-дармек менен камсыз болот.

7.Айнур:Чырпыкты айылдык ден соолук комитетинин жетекчиси Келдибекова Анара.АДКда 16 адам өз ыктыяры менен эмгектенишет. Алар “Бруцеллез”,”аз кандуулук”,”Вич Спид”,”кургак учук”,”эхинококкоз”,”наркотикалык”заттар,”алкоголизм” жана башка илдеттер менен күрөшүп келүүдө,анын натыйжасында жогорудагы илдеттердин үстүндө көп иштер аткарылган. Акыркы 10 жыл аралыгында эң көйгөйлүү болгон зоб оорусун алдын алуу боюнча чоң ийгиликтерге жетишкен.

8.Тынчтык:Чырпыкты айылдык почтасы Улуу Ата Мекендик согуштун 2 ардагерин, 220 эмгек ардагерлерин , ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 35 инвалид тургундарга жөлөк пул, 28 көп балалуу үй-бүлөлөргө пособие жана жетишпеген 8 үй-бүлөлөрдүн балдарына пособие менен камсыз кылып, бардыгы айына 1млн 200 миң сом акча каражаты тейленет. Жетекчиси Жунушбаева Жылдыз.

9.Айнур:Чырпыкты суу пайдалануучулар ассоциациясы жетекчиси

БектуровТурат Абдыкадырович, анын карамагында 7 адам

эмгектенет.Биздин урматтуу согуштун ардагерлери,аз камсыз

болгон үй-бүлөлөр бекер суу менен камсыз болот.

10.Тынчтык:Чырпыкты СООВПнын жетекчиси Конокбаев Таалай Асанович,анын карамагында 5 адам эмгектенет.

11.Айнур:Алдыңыздарда Чырпыкты жаштар уюму, бул уюм 2000-жылы уюшулган,2013-жылдан бери Абакиров Тимур жетектейт. Жаштар уюму 60 мүчөдөн турат. Биздин жаштар район аралык футбол мелдеши боюнча турнирлерде алыңды орундарга ээ болуп келишүүдө.

1Парадды кабыл алуу. КР Гимни

2. Митингди ачуу. Карабалаев Б.М.

3. Райондук өкүлдөргө сөз

4.Ветерандарга сөз

5.Мектеп окуучулары:

1.Нааматов Жантай “Жашасын Улуу Жеңиш”.

2. Азимова Азиза “Тынчтык ыры”

3. Даниярова, Тилекматов, Азимова “Жеңген эл”

4. Аскарбеков К. С.Жусуев “Алакан”

5. Улукбек у.И. Б.Абакиров “Жеңиш күн”

6. Асанакунов Ч.”Жеңиш күн”

7. Нурбек к.Алина

17. Жыйынтыктоо. Куран окуу.Гүл коюу