Без названия

Дата публикации: Feb 01, 2018 12:22:27 PM

Ушул жылдын 20-январь күнү К.Тыныстанов атындагы орто мектебинде Жогорку Кеңештин депутаты Молдобекова Гүлкан Сакиновна болуп, жаңы салынып жаткан мектепте иш кандай жүрүп жатканын билүү менен Касым атабыздын адабий кечесине да катышты. Бул кечеге Гүлкан Сакиновнадан башка, райондон, Айыл Өкмөттөн жана жергиликтүү депутаттардан да өкүлдөр келишти. Кече аябай кызыктуу өттү.Кечеге 7-8-9-10-11-класстын окуучулары катышып, Касым атабыздын төрөлүшүн, бала чагын, чыгармачылыгын, сүйүүсүн, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейинки жашоосун чагылдырып, сценка коюп беришти. Көрүп отургандар көздөрүнө жаш алышты. Кече тууралуу жакшы ойлорун айтып, мектеп коллективине ыраазычылык билдирип өтүштү.

Ошондой эле Гүлкан Сакиновна мектепке 4 жаңы компьютер (жабдуулары менен) жана 1 ноутбуктун сертификатын белекке берип кетти. Жана жаңы салынып жаткан мектеп 2018-2019- окуу жылына даяр болоорун баса белгилеп өттү.