МЕКТЕП ТАРЫХЫ

Чырпыкты айылынын Касым Тыныстанов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин ачылыш аземинден...

2019-жылдын 2-сентябрь күнү Чырпыкты айылында жаңы мектептин ачылыш аземи болду. Бул иш-чарага Кыргыз Өкмөтү мүчөлөрү, КР нин Жогорку Кеңешинин депутаттары, Ысык-Көл облус башчысы, Ысык-Көл Райондук Администрациясы жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, фондубуздун төрагасы жана айыл тургундары катышты. Ар бири куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, белектерин тапшырышып, окуучуларга албан-албан ийгиликтерди каалады.

Биздин фонддун белеги катары, 2000$ наркы бар, заманбап интерактивдүү кабинет ачып берүү демилгеси колго алынды.

Бул мектептен Касым атабыздай болгон чыгаан уул-кыздар чыгышына терең ишенебиз жана ар дайым колдоо көргөзөбүз.

Жаңы мектебибиз жалпы Чырпыкты айыл элине кайырдуу болсун!

Жаңы типтеги мектеп 326 орундуу болуп жалпы орто билим берет.