ӨТКӨН ОКУУ ЖЫЛЫНА АНАЛИЗ

Касым Тыныстанов атындагы Чырпыкты жалпы орто билим берүү мектебинин

2015-2016-окуу жылында аткарылган иштердин

ОТЧЁТУ

1.КИРИШҮҮ

2015-2016-окуу жылында 36 мугалим эмгектенет,алардын ичинен 4 мугалим декреттик өргүүдө. 433 окуучу окуйт, алардын ичинен 204 эркек бала, 229 кыз окуучу. 26 отличник жана 59 ударник окуучу бар.Мектептин жалпы билим сапаты-21%ти түзгөн. Мектепте 20 класс комплект бар 1-4-класстар-184 5-9-класстар-202 10-11-класстар-47 окуучу окуду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2015-жылынын 31-июлундагы №1024\1 буйругунун негизинде 2015-2016-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын Базистик окуу планын Касым Тыныстанов атындагы Чырпыкты жалпы орто билим берүү мектебинин педагогикалык жамааты талкуулап, үстүбүздөгү окуу жылында, окуу пландарын ишке ашыруу максатында, Базисттик окуу планы боюнча окуу планы түзүлүп,өндүрүштүк пландар бекитилип, мыйзам чегинде 2015-2016-окуу жылы башталган. Мектептин педагогикалык жамааты, ата-энелер өздөрүнүн проблемаларын аныктап,мугалимдер жамааты, ата-энелер өтүлгөн окуу жылы боюнча күчтүү жана күчсүз жактарын анализдеп, педсоветте ОТЖП боюнча максат, милдеттерди талдоо менен мектептин иш планы түзүлүп, ошол пландын негизинде иш аткарылган.

КАДР МЕНЕН ИШТӨӨ

Билим берүү кызматкерлеринин, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын башкы максаты жана милдети болуп,окуучулардын билим алуу укугун кеңейтип, аларга билим берүү сапатын жогорулатуу максатында педагогикалык жамаат ОТЖПнын үстүндө иштеди. 2015-2016-окуу жылында орус тили жана адабияты мугалими Абдылдаева Г.А. ЫМУнун орус тили жана адабияты факультетин бүтүрүп келген.Бул мугалим 2-3-класстардын-12 саат, 7-аб класстарынын 8 саат орус тили жана адабияты сабагы менен иштейт. И.Арабаевада кыргыз тили жана адабияты факультетинде сырттан окуган Рыскелдиева Г.И.5-б классынын 6 саат,6-б классынын 7 саат,8-аб класстарынын 10 саат кыргыз тили жана адабияты сабактары менен иштейт.Декреттик өргүүдө отурган математика мугалими Ордобаева З.С.6-аб класстарынын 8 саат, 8-аб класстарынын 8 саат математика сабагы менен иштейт.Декреттик өргүүдөн келген англис тили мугалими Ашымбаева Н.Б.3-4-5-6-класстарынын 16 саат англис тили сабагы менен иштейт.Каракол шаарындагы Бийбосунов атындагы педагогикалык колледждин бүтүрүүчүсү,учурда ЫМУнун педагогика факультетинин сырттан окуучусу Керезбек к.В. даярдоо классынын 15 саат сабагы менен 30-ноябрга чейин иштеп,1-декабрдан тартып декреттик өргүүгө чыккандыктан,анын ордуна Балыкчыда сырттан окуган педколледждин 4-курсунун студенти Турумбекова Ж.иштеп жатат. 3-чейректен баштап орус тили мугалими Кубанычбек к.А.өз каалоосу менен үй-бүлөлүк шартына байланыштуу жумуштан бошоп кеткендиктен,анын ордуна И.Арабаевдин орус тили жана адабияты адистиги боюнча сырттан окуп бүтүргөн Асаналиева А. жумушка кабыл алынган.Убактылуу иштеп жаткан химия мугалими Ибрагимова үй-бүлөлүк шартына байланыштуу жумуштан бошоп кеткендиктен, дектерттик өргүүдө отурган химия мугалими Тынышбаева М. 3-чейректен баштап өз ордуна чыккан.Мектептин математика мугалими Ордобаева З. дектреттик өргүүгө 2016-жылдын 1-февралынан баштап чыгып кеткендиктен,бул мугалимдин 18 саат сабагын мектептин математика мугалимдери Исакунова Ж.Асанкадырова Байтикова К-р өтүп жатышат. Жыл башында мугалимдердин өз билимин жогорулатуу боюнча перспективалык план түзүлгөн, пландын негизинде учуру келген предметтик мугалимдер өз билимин жогорулатуу курстарына барышкан.

ОКУУ ПРОЦЕССИ 2015-2016-окуу жылында усулдук бирикмелерде аткарылган иштеринин отчёт-анализи Сентябрь айынын 1-2- жумасында усулдук кенештин жылдык иш планы иштелип,бирикме жетекчилери бекитилип, ар бир бирикменин жылдык иш планы бекитилген. Ар бир бирикмеде КР билим берүүнү 2020-жылга чейин өнүктүрүү концепциясы каралып, иштелип чыккан.

Филология бирикмесинде жаш мугалимдер Рыскелдиева Г.Абдылдаева Г. менен жылдык иш планы түзүлүп бекитилген, өндүрүштүк планды түзүү боюнча жаш мугалимдердин пландарына окуучунун жана мугалимдин ишмердүүлүгү, күтүлүүчү натыйжа бөлүмдөрүн киргизишкен.Жалпы иштин жүрүшүнө насаатчы мугалимдер Кубанычбек к.А.Арыкбаева Ү. жооптуу болгон.5-сентябрда “Окуучулардын каллиграфиясын канткенде оңдойбуз?” темасында докладды бирикме жетекчиси Кубанычбек к.А.окуган,бирикме мүчөлөрү докладды талкуулап, 5-6-класстарда сабак берген кыргыз тили жана орус тили мугалимдерине 2-3 минуталык таза жазуу минутасын өткөрүү жагы тапшырылып чейрек ичинде бул ишти Кубанычбек к.А. 5-аб класстарына,Арыкбаева Ү. 5-а классына,Рыскелдиева Г. 5-б, 6-б класстарына, Асымбекова М. 6-а класстарына таза жазуу минутасын калыптандырууда, иш жылы бою улантылат. 1-чейректин 2-жумасында Касым Тыныстановдун 114 жылдыгына карата жумалык,ага карата салтанаттуу линейка, дубал газеталар,рефераттар, дилбаян,тарбиялык сааттар өтүлгөн. 23-сентябрь “Кыргыз тили” күнүнө карата салтанаттуу линейка өтүлүп, окуучулар Манас эпосунан үзүндү, кыргыз тилинин баалуулугун ачык көрсөткөн: “Тилим барда улутмун, Тилим менен улукмун.” Ураанынын астында окуучулар ырларды көркөм окушкан,кыргыз тилинин өсүп, өнүгүүсү тууралуу реферат, дилбаян,дубал газета,буклеттерди жазып, чыгарышкан. Кыргыз тили жумалыгынын жыйынтыгында 8-а классы 1-орунга,7-а классы 2-орун,9-а классы 3-орунга ээ болушкан. 23-октябрда 9-аб класстарына “Манас таануу” кароо-сынагы өткөрүлгөн. Берилген тапшырма: С.Каралаевдин варианты боюнча 57 суроо, С.Орозбаковдун варианты боюнча 65 суроо берилген. Жыйынтыгында 9-а классы утушка ээ болгон. 20-21-октябрда окуучулардын жазуу иштеринин абалы текшерилген. Текшерүүдө: жаш мугалимдер орус тилчи Абдылдаева Г. кыргыз тилчи Рыскелдиева Г-н жазуу иштери өз убагында алынат, бирок текшерүүдө баа өз нормасынан жогору коюлат,окуучулардын каллиграфиясынын үстүндө дагы иш жеткиликтүү эмес. Кыргыз тили мугалимдери Арыкбаева Ү. Асымбекова М-н, орус тили мугалимдери Ильгедеева Г. Кубанычбек .к.А. англис тили мугалими Жакшылыкова Г-н жазуу иштеринин абалы жакшы. Англис тили мугалими Ашымбаева Н.жазуу иштерин толуктап,жалпы абалын оңдошу керек.Бирикме ичинде класс жетекчи болгон мугалимдердин класстарында окуучулардын күндөлүктөрү жалпы жолунан жакшы,өз учурунда кемчиликтери жазылат,баалар предметтик мугалимдер тарабынан аз коюлат. 24-25-октябрда 5-6-класстардын окуучуларынын кыргыз адабиятынан окуучулардын тексти көркөм окуп, мазмунун түшүнүүсү,тексти турмуш менен байланыштырып талдоосу каралган. Жыйынтыгында Арыкбаева Ү. сабак берген 5-а классында окуучулардын билим сапаты-65%ти түзгөн. Рыскелдиева Г. сабак берген 5-б классында билим сапаты-35%ти түзгөн, 6-б классында -22%,Асымбекова М. сабак берген 6-а классында-31%ти түзгөн. Окуучулардын көркөм окуп, тексти түшүнүүсүнө ар бир кыргыз адабияты сабагында өзгөчө көңүл буруу керек. Филология бирикмесинин декадасында Асымбекова М.Б. А.Осмоновдун 100 жылдыгына карата адабий лирикалык кечени видеотасмага тартып, 9-а классынын окуучуларына өттү.А.Осмоновдун лирикалык кечеси өз максатына жетти. Абдылдаева Г-н насаатчысы Кубанычбек к.А. жаш кадр менен тыгыз байланышта иштейт. Мугалимдин календардык планына окуучунун,мугалимдин ишмердүүлүгүн киргизүү керек,себеби,сабакты пландоодо бул критерийлер абдан керектүү. Абдылдаеванын сабак берүү ишмердүүлүгүндө: 7-а классына орус адабиятынан А.С.Пушкиндин “Няне”темасында сабагына байкоо жүргүзүлгөн. Сабактын жыйынтыгында -65 упай жеткиликтүү деңгээл болгон.

СУНУШ:

1.Орус тилин окутууда календардык планга окуучунун ишмердүүлүгүн, мугалимдин ишмердүүлүгүн кошуп түзүү.

2.Сабактын иштелмесин пландоодо окуучунун жөндөмүн эске алуу.

3.Окуучулардын окуп түшүнүүсүнө өзгөчө көңүл буруу.

4.Оозеки сүйлөөсүнө(диалог),өз ара баарлашуусуна басым жасоо.

Кыргыз тили жана адабиятынан Рыскелдиева Г.8-аб класстарына “Манас таануу” кароо-сынагын өткөн.Кароо-сынакта “Айкөл Манас”,”Аккула” командалары бири-бири менен таймашкан,натыйжада “Аккула”8-б классы 51 упай менен утуп чыгышкан.Окуучулардын кароо-сынакка даярдыгы жакшы,бирок,Манастан үзүндүнү 8-б классынын балдары жаттаган эмес.Кароо-сынак максатына жетти.Мугалим Рыскелдиева Г. 3-чейректе дагы Манас таануу сынагын улантат.Негизинен Рыскелдиева Г. жаш кадр болуп, учурда И.Арабаевада сырттан окугандыктан төмөндөгү критерийлерге өзгөчө көңүл буруп,өз билимин жогорулатуунун үстүндө иштеши зарыл:

1.мугалимдин ишмердүүлүгүнүн 10 критерийин сабакка колдонуу

2.календардык планды толугу менен иштеп чыгуу

3.жазуу иштерин толуктоо, жат жазуу,тест иштерин,жумушчу дептерлерине өзгөчө көз салуу,өз учурунда текшерип туруу

4.туура баалоону үйрөнүү

5.предметтик мугалимдердин сабактарына катышуу

6.насаатчы мугалим менен тыгыз байланышта иштөө

7.сабактын иштелмесин окуучунун жөндөмүнө жараша түзүү.

8.Жат жазуу, дилбаян, тест, баяндама,эссе алууда, баа коюнун нормативин насаатчы мугалим Арыкбаева Ү-дөн үйрөнүү.

14-21-ноябрь күндөрү өз чыгармачылык ишин көрсөтө албаган мугалимдер 7-12-декабрда ачык чыгармачыл сабактарын өтүшкөн.Анда:Арыкбаева Ү. А.Осмоновдун 100 жылдыгына карата адабий кечени 10-класстын окуучуларына жогорку деңгээлде өткөн. Орус тили мугалими Кубанычбек к.Айзада Л.Толстойдун “Лев и собачка” чыгармасын 5-а классына өткөн,сабакта текст менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурулгандыктан,окуучулар ролдоштуруп сценка көрсөтүп,диалог түзүшүп,тексти бири-бирине суроо-жооп иретинде бышыкташты,үй жаныбарларына аяр мамиле жасоого карата чакан ырларды анализдешип,чыгарманын өзөгүн ачып беришкендиктен,сабак максатына жетти. Ильгедеева Г. орус тилинен 10-классына Островскийдин “Гроза” драмасын сахналаштырып өткөн.Сахна сабакка 10-класстын 7 окуучусу эң жакшы катышкан,бирок мугалим сабакты класс менен жыйынтыктаган жок. Англис тилинен Жакшылыкова Г.И. 8-а классына “Жаңы жыл” темасында сабак өткөн, анда класс 3 топко бөлүнгөн,топтор арасында атаандаштык жакшы,ар бири берилген тапшырманы так аткарганга аракеттеништи. Сабак максатына жетти.Жаш баласына байланыштуу филология бирикмесинин англис тили мугалими Ашымбаева Н. сабак өткөн жок. Жалпы декаданын жүрүшү усулдук бирикмеде канааттандырарлык деп белгиленген. Зоналдык олимпиадада кыргыз тили адабиятынган Арыкбаева Ү.10-класстын окуучусу Рыскелдиева А-ны даярдап 1-орунга ээ болгон,учурда райондук олимпиадага даярдап жатат. Натыйжада: Филология бирикмесинде жазуу иштеринин абалына 3-чейректе өзгөчө көңүл буруу менен 5-11-класстардын окуучуларынын текстти окуп түшүнүп, турмуш менен байланыштырып колдоно билүүсүнө,текстти талдоосуна көңүл буруу керек.

Декаданын жыйынтыгы менен төмөнкүдөй милдет келип чыккан:

1.3-чейректе насаатчы мугалимдер Арыкбаева Ү.Кубанычбек к.А-р, жаш мугалимдер Абдылдаева Г. Рыскелдиева Г-га документациларын, жазуу иштерин текшерип баа коюу нормативин өздөштүрүүгө жардам берүү.

2.Жаш мугалимдердин сабактарына катышып,окутуу усулуна жардам берүү.

3.5-11-класстардын окуучуларынын гуманитардык сабактар боюнча тексти көркөм, үн кубултуп окуп, мазмунун түшүнүп, турмуш менен байланыштырып талдай билүүсүнө өзгөчө көңүл буруу.

4.“Манас таануу” кароо-сынагын 8-класстар арасында өткөрүүнү улантуу.

5.“Манас таануу” кароо-сынагына 9-а классынан 4 окуучуну,9-б классынан 1 окуучуну даярдоо кыргыз тили мугалими Асымбекова М-га сунушталсын.

6.Жалпы окуучулардын каллиграфиясын,таза жазуусун,жазуу иштеринин жалпы абалын жакшыртуу.

7.2015-2016-окуу жылында олимпиадага 10-11-класстар арасында кыргыз тили адабиятынан Арыкбаева Ү.10-класстын окуучусу Рыскелдиева А-ны райондук жана областтык олимпиадага график боюнча үзгүлтүксүз даярдап чыгаруу.

8.Филология бирикмесиндеги ар бир предметтик мугалимге таланттуу окуучулар менен үзгүлтүксүз иштеп 1ден окуучуну олимипадага чыгаруу,4төн окуучуну ОРТга даярдоо.

3-чейректин 28-январында райондук олимпиадага кыргыз тили жана адабиятынан 10-класстын окуучусу Рыскелдиева А-ны кыргыз тили жана адабияты мугалими Арыкбаева Ү. даярдап 1-орунга ээ болуу менен,областык олимпиададан 3-орунду ээлеген. 10-февралда “Театр фестивалынын” райондук туруна Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдыры” драмасын 9-а классынан 9 окуучуну кыргыз тили жана адабияты мугалими Асымбекова М. даярдап,райондук таймашта 3-орунду ээлеген.8-13-февралда мектеп ичинде англис тили жумалыгы өткөрүлгөн,жумалыкта Бает мектебинин волонтеру Никол Энд менен жолугушуу уюштурулган, “Англис тилинде сүйлөй аламбы?”,”Англис тилинин келечеги” ”Англис тили –эл аралык баарлашуунун тили” аттуу диспут сабактары өткөрүлгөн.14-мартта райондук Манас таануу кароо-сынагына 9-класстардын 5 окуучусун кыргыз тили жана адабияты мугалими Асымбекова М. даярдап 1-орунга ээ болуп, 31-мартта областык кароо-сынакта 4-орунду ээлеген. 22-24.02 жана 15.03 жалпы кыргыз тили, орус тили,англис тилинен жазуу иштеринин абалы текшерилип анализ берилген. 4-чейректе кыргыз тили жана адабиятынан 9-10-11-класстардын окуучуларына ОРТ,НЦТ менен кошумча иш жүргүзүлгөндүктөн НЦТдан 20-апрелде өткөрүлгөн райондук тестирлөөдө Асымбекова М. сабак берген 9-аб класстарынын 10 окуучусу тең “4” алышып-100%,11-класстан 9 окуучу катышып 6 окуучу “4”,”5”ке жазгадыктан-66% болгон.Арыкбаева Ү.сабак берген 10-классынан 5 окуучу катышып бардыгы тең “4”,”5” алып-100%ти берген. ”Тарых жана маданият жылына” карата мугалимдер арасында өткөрүлгөн”Эл ичи өнөр кенчи” кароо-сынагына орус тили мугалими Абдылдаева Г. катышып 3-орунга ээ болгон.

Жылдын жыйынтыгы менен төмөнкүлөрдүн үстүндө иштөө милдети коюлган:

1.Кыргыз тили,адабияты, орус тили, адабияты,англис тилинен 5-11-класстардын окуучуларынын билим сапатын жогорулатуу максатында: ОРТ,НЦТ,СЕКОМ менен кошумча иштөөнү планга киргизип, жылы бою кошумча сабак өтүү менен жогорку баллдарга ээ болуунун үстүндө 4төн окуучуну даярдоо жана 1ден таланттуу окуучуну райондук,областтык,республикалык олимпиадага сапаттуу даярдап чыгаруу.

2.5-11-класстардын окуучуларын гуманитардык багыттагы предметтер боюнча көркөм окуп,тексттин мазмунун так түшүнүп,турмуш менен байланыштырып талдоого жана алган билимдерин турмушта колдоно билүүгө тарбиялоо. 3.Филология бирикмесиндеги жаш мугалимдер: Рыскелдиева Г.Абдылдаева Г. Асаналиева А-дын иш аракетине,чыгармачыл сабак өтүүсүнө, документациялык иштеринин жүрүшүнө жалпы көзөмөл кылуу менен сабактарына катышып усулдук жардам көрсөтүүнү бирикме жетекчиси,насаатчы мугалимдер колго алышсын.

МИФ бирикмесинде 10-сентябрь 2015-жылы бирикме кеңешмеси өткөрүлгөн анда 2014-2015-окуу жылында МИФ бирикмесинин аткарган иштеринин отчёту угулган жыйынтыгында жаңы окуу жылына карата төмөнкүдөй милдет кабыл алынган:

1.МИФ бирикмесинин мүчөлөрүнө окуучулардын жазуу иштеринин абалына көңүл буруу менен чейрек ичинде нормага ылайык 6дан кем эмес текшреүү иш, тест алуу.

2.Бирикме ичинде жаш мугалимдер Асанкадырова Г.Ордобаева З-н сабактарына катышып, усулдук жардам берүү.

3.Таланттуу окуучулар үчүн ОРТ,НЦТ,”Кенгуру” тесттерин колдонуп үзгүлтүксүз кошумча сабак өтүү. Жогорудагы милдет боюнча айлык, жарым жылдык иш план, насаатчы,жаш мугалимдеридин пландары түзүлгөн. Милдетте көрсөтүлгөндөй жаш мугалимдер: Асанкадырова Г-н 2 сабагына,Ордобаева З-н бир саат сабагына насаатчы мугалимдер Исакунова Ж.Байтикова К. катышып,анализ берип,сабак өтүү усулун жакшыртуу максатында сунуш беришкен. Таланттуу окуучулар менен план боюнча кошумча сабактар өтүлгөн. Жыл башында ачылган жазуу иштерин жыл аягына чейин сактоо талабы бар. Окуучулардын күндөлүктөрүнүн, жазуу иштеринин абалы 22-октябрда бирикме жетекчиси Исакунова Ж. Асанкадырова Г.тарабынан текшерилген. 10-30-октябрь күндөрү МИФ бирикмесинен административдик текшерүү иштери, чейректик текшерүү иштери алынган. 2-чейректе интеллектуалдык марафон жүргүзүлүп,анализ берилген. Зоналдык олимпиадада 10-11-класстар арасында физикадан 11-класстын окуучусу Үрстөнбек к.К., математикадан 10-класстын окуучусу Качкынбек к.А. 1-2-орунга ээ болуу менен райондук олимпиадада 11-класстын окуучусу Урстонбек кызы Каниет 3-орун ээлеген. .4-чейректе мугалимдер арасында өткөрүлгөн “Эл ичи өнөр кенчи” кароо-сынагына жаш мугалим Асанкадырова Г. катышып,3-орунга ээ болгон.

2-5-февралда МИФ бирикмесинин декадасында өтүлгөн сабактардын анализи

Физика мугалими Момунова Ч.Ж. 7-а классына “Архимед күчү” темасында ачык сабак өткөн.Негизги теманын максаты суюктукка жана газга матырылган нерсеге, суюктук жана газ тарабынан,төмонттөн жогору көздөй түртүү күчү аракет этерин көрчөтүү болгон. Буга чейин окуучулар газдар жана суюктуктагы жана катуу нерседеги басымды билишет.Шприц,пипетка,түтүкчөлөр, менен суу сордурууну, катыш идиш эмне экенин билишет.Сабак пипетка, шприц, стакан, динамометр, түрдүү көлөмдөгү жыгач, брусоктор, суусу бар идишер колдонулган. Бир далилдене турган сүрөт.Туура формадагы нерсеге суюктук тарабынан жогордон , төмөндөн,төмөндөн жогору аракет эткен күчтөрдү сүрөттөн көрүштү.Бул сабакка чейин санариптен катуу нерселердин басымын,Паскаль законун колдонулушун көрүшкөн.Сабактын жүрүшүндө өтүлгөн темаларды кайталоо үчүн мээге чабуул ыкмасы колдонулган.Архимед,Паскальдын чоңойтулган сүрөттөрү көрсөтүлгөн.Сабакта Архимед жөнүндө легендада суюктун тарабынан суюктукка матырылган туура эмес формадагы нерсеге суюктун тарабынан төмөнтөн жогору көздөй түртүү күчү таасир этери далилденди.Ага суусу бар идиш, брусок, динамометр колдонулду.Бул Архимед күчүнүн формуласы Fарх =p g v Архимед жөнүндө легендада Архимед алтын таажыны сууга салып, таажынын көлөмүнө барабар болгон суюктукту сүрүп чыгарганын аныктаган.Кийинки сабакка архимед күчүн эсептөө тапшырмасы берилген.Сабак максатына жетти. Мугалимдин чыгармачылык иши күчтүү. Момунова Ч.сабакты бардык класстарга турмуш менен байланыштырып өткөндүктөн, окуучулардын бардыгы берилген тапшырманы түшүнөт. Физикадан 7-11-класстардын текшерүү иштери,тест,лабораториялык, көнүгүү иштөөсү, конспект дептерлери толук.

СУНУШ: 1.Таланттуу окуучуларды олимпиадага даярдоо үчүн кошумча сабак өтүү, 11-класстын 3 окуучусун ЖРТга даярдоо.

Математика мугалими Байтикова К.И. 2-февраль 2016-жылы 11- класска геометриядан “Көлөм” темасында ачык сабакты мультимедиада өткөн.Сабактын толук иштелмеси компьютерге жүктөлгөн.Мугалим темага байланыштуу слайд түзгөн,окуучулар менен теманы ачууда слайдда көрсөтүлгөн материалдар менен талкуу жүргүзүлүп,эсеп чыгарылды.Тапшырманы класста жакшы окуган 4 окуучу толук чагырды.Түшүнбөгөн окуучулар үчүн кошумча жеңил тапшырмалар берилген жок.Сабак максатына жетти. 8-б классына геометриядан “Негизги тригонометриялык теңдештиктер” темасында сабак өткөн. Сабактын жүрүшүндө сабактын максаты так көрсөтүлгөн жок.Сабак өтүүдө 3 окуучу менен гана иш алып барылды. Көп жылдык иш тажрыйбасы бар мугалим сабакты чыгармачылык менен пландаштыруусу керек. МИФ бирикмесинин мүчөлөрүнүн ичинен Байтикова К.алгебра, геометрия сабагын көбүнчө мультимедиалык каражаттарды колдонуп өтөт.

СУНУШ:

1.Сабактын иштелмесин пландаштырууда класстагы окуучулардын билим деңгээлин эске алуу менен тапшырмаларды берүү.

2.Алгебра, геометриядан Билим ТВ дагы темаларды сабакка пландаштыруу,окуучуларга көрсөтүү.

Математика мугалими Исакунова Ж.А. 4-февралда 6-а классына “Рационалдык сандарды кемитүү” темасында бышыктоо жомок сабак өткөн.Класс 3 топко бөлүнгөн алар: натуралдык сандар,бүтүн сандар жана рациолналдык сандар болуп бөлүнгөн.Сабак мультимедиада өтүлгөн.Өтүлгөн теманы бышыктоодо 3 суроодон турган тест алынган,тести 3 окуучу туура эмес чыгарган, калган окуучулар өтүлгөн тема боюнча жакшы түшүнгөндүктөн билишет.Сабак сүрөттөр, проектор, компьютер,тест,таблица,карточкалар менен жабдылган. Сабак жомок болгондуктан, мугалим жомок айтуу менен бүтүн,натуралдык, рационалдык сандарды катыштырып, ар бир топко өзүнчө тапшырма берген. 2-тапшырма “Ойлон, тап!” анда окуучулар оң жана терс рационалдык сандарга сандарды кошуу жана кемитүү амалдарын жүргүзүшкөндө 2 топ туура иштеп, 3-топ 2 ката кетирген. 3-тапшырмада термометрдин көрсөтүүсүндө таблица менен иштешти. 4-тапшырмада бүтүн сандарга кластер түзүшкөн,ар бир топ аракеттенүү менен жакшы иштешти.5-тапшырма бышыктоо үчүн берилген,анда алма, печенье,конфеттин үлүштөрү боюнча рационалдык сандарды көрсөтүшкөн.Окуучулардын аракети жакшы.Ар бир топто аткарылган иштер боюнча топтордун лидерлери презентациялашкан.Баалоодо “Менин салымым” ыкмасы колдонулган, ар бир окуучу өзүнүн аткарган ишин өзү баалады.Сабак максатына жетти.Исакунова Ж. 6-7-9-класстын окуучуларына сабакты жөнөкөйлөтүп,дидактикалык материалдар, техкаражаттар, карточка, таблица, тест алуу менен өтөт. Жалпы математикадан 6-7-9-класстардын билим сапаты-20% болот.

СУНУШ:

1.6-7-9-класстардын окуучуларынын билим деңгээлине жараша сабактын иштелмесин өзгөртүү.

2. Алгебра, геометриядан Билим ТВ дагы темаларды сабакка пландаштыруу,окуучуларга көрсөтүү.

Асанкадырова Г. математикадан 5-февралда 5-а классына ачык сабак өткөн.Сабак мультимедиа кабинетинде өттү.Сабактын максаты слайдда так көрсөтүлгөн,окуучулар үчүн түшүнүктүү.Окутууда класс 3 топко бөлүнгөн.Сабакка слайд,карточка колдонду.Өтүлгөн теманы бышыктоодо “тым-тырс” оюнунун 10 тапшырмадан турган эсеп менен иштетти,мында окуучулардын билгичтиги чаржайыт болуп,бардык окуучулардын үй тапшырманы өздөштүрүүсү, тийиштүү деңгээлге жеткен жок.Мугалим биринчи жыл иштеп жаткандыктан, жыйынтыктуу өтүүгө үйрөнүүсү керек. Темага карата пландаштырылган тапшырма абдан көп болуп, окуучулардын туура же ката иштеп жаткандыгы толук контролго алынган жок.Теманы балдардын 20%ти түшүндү,чыгарышты.Окуучулардын билимин баалоодо мугалим өзү баалады.Асанкадырова Г. биринчи жыл иштеп жаткандыктан,насаатчы мугалим менен көп иштеши керек,мектептин математика мугалимдеринин сабактарына көп катышышы керек экендиги баса көрсөтүлдү.Негизинен сабак максатына жетти. Мугалим аракетчил,түшүнбөгөн нерселерди кошумча насаатчы мугалимден ар дайым сурайт. 5-класстарга математика сабагын өтүүдө,сабактын иштелмесине окуучунун билим деңгээлин эске алуу менен класстарды топторго бөлүп, өз-өзүнчө пландаштырып жазат,сабактарды өтөт. Жалпы МИФ бирикмесинин иш аракети канааттандырарлык.

СУНУШ:

1.Математика мугалимдеринин сабактарына катышып,сабак өтүүнүн усулдарын үйрөнүү.

2.Сабактын иштелмесин окуучулардын иш аркетин эске алуу менен пландоо.

3.Окуучулардын тартибине көңүл буруу.

4.Билим ТВны 5-6-класстардын математика сабагына киргизүү.

5.Насаатчы мугалим менен тыгыз байланышта иштөө

МИФ бирикмесинин декадасынын жыйынтыгы менен төмөнкүдөй милдет келип чыккан:

1.Математика, геометрия, физика,информатика сабактарын 5-11-класстардын окуучуларына окутууда,предметке кызыктыруу максатында окутуунун ар кандай усулун колдонуп, чыгармачыл сабак берүүнү адатка айландыруу керек.

2.Ар бир сабактын иштелмесин окуучунун билим деңгээлин эске алып,пландаштырып, сабак өтүү.

3.Насаатчы мугалим Байтикова К. жаш мугалим Асанкадырова Г.менен кошумча көп иштөө.

4.Билим ТВнын расписаниеси менен математика, геометрия, физика сабактарын өтүү.

5.Математика, геометрия, физика,информатика сабактарынан жалпы жазуу иштеринин сапаттуу өз учурунда текшерилишине көңүл буруу.

Математикадан 9-аб класстардын 10-февраль,1-мартта окуучулардын билим сапатын текшерүүдө:

9-а классы -30%,9-б классы-10% болуп жалпы билими-20%ти түзгөн.

1.9-а классынын 70%ти орто жана начар окушат.Начар окуган Бактыбек Төлөнов Б. Тариель у.С-р үчүн жеңил тапшырмалар берилгендиктен,текшерүү иштери “3”кө жазылган,ал эми “2”ге жазган 5 окуучу геометриялык прогрессиянын алгачкы “п”мүчөсүнүн суммасын табууда,сандын даражасын туура эмес эсептешкен,берилген сан удаалаштыгынын алгачкы 3 мүчөсүн табууда сандын белгисине маани берген эмес,чыгарылышы туура.Экзамендик эсептердин 1-бөлүмү боюнча иштеп жатышат, окуучулардын аракети орто.Таланттуу окуучу Бердибаева Н-га жумасына 1-сааттан өтүлгөн кошумча сабакта тесттик материалдар берилген.

СУНУШ:

1.Математикадан 4-чейрек бою экзамендик тапшырмалардын үстүндө сабактан сырткаркы убакта кошумча иштөө.

2.Математикадан 9-а класстын өтө начар окуучуларына жеңил тапшырмаларды ар бир сабакта берүү,текшерүү,билим деңгээлин баалоо.

2.9-б класста математикадан Сагынбекова А. Искен к.Т. Болот к.Т-н аракеттери бар-15%ти түзөт.Ал эми 85%тин ичинен начар окуган 5 окуучуга жеңил тапшырмалар берилгендиктен текшерүү иште “3”алган.Негизинен класстын өздөштүрүүсү начар,көпчүлүк окуучулар социалдык жактан аз камсыз болгон,көп балалуу үй-бүлөлөр.

СУНУШ:

1.Математикадан 4-чейрек бою экзамендик тапшырмалардын үстүндө сабактан сырткаркы убакта кошумча иштөө.

2. Математикадан 9-б класстын өтө начар окуучуларына жеңил тапшырмаларды ар бир сабакта берүү,текшерүү,билим деңгээлин баалоо.

4-чейректе 9-аб класстарынын билим сапатын жогорулатуу максатында чейрек бою математикадан экзамендик тапшырмалардын үстүндө кошумча иштешкен.Ар бир 9-класстын окуучусунун конспектиси толук жаздырылган. 20-апрелде райондо өткөн НЦТдан физикадан Момунова Ч. сабак берген 11-класстын 2 окуучусу катышып,1 окуучу “4”, 1 окуучу”3” алган.

СУНУШ:

1.2016-2017-окуу жылында насаатчы мугалимдер Асаналиева А.О.Байтикова К. жаш мугалимдер Асанкадырова Г. Турумбекова Ж-н жалпы өзүнө тиешелүү документацияларынын абалын жакшыртууга жана жазуу иштерин текшерип баа коюу нормативин өздөштүрүүгө жардам берүү.

2.Жаш мугалимдердин сабактарына катышып,окутуу усулуна жардам берүү.

3.5-11-класстардын окуучуларынын так илимдер боюнча тексти окуп мазмунун түшүнүп, турмуш менен байланыштырып талдай билүүсүнө,эсеп чыгаруусуна өзгөчө көңүл буруу.

4.5-11-класстардын таланттуу окуучулары менен үзгүлтүксүз иштеп 1ден окуучуну олимипадага чыгаруу,4төн окуучуну ЖРТ,НЦТ,СЕКОМго даярдоо менен жогорку баллдарга ээ болууну камсыздоо.

Эстетика бирикмесинде

11-сентябрь 2015-жылы, 2014-2015-окуу жылында аткарылган иштер боюнча анализинин негизинде 2015-2016- окуу жылына милдет кабыл алынып, 1-жарым жылдыкка иш пландар түзүлгөн. Жыл башында ачылган жазуу иштерин жыл аягына чейин сактоо талабы бар. Окуучулардын күндөлүктөрүнүн, жазуу иштеринин абалы 28-октябрда бирикме жетекчиси Сукенова Н. Чындавлетова Н. тарабынан текшерилген. Таланттуу окуучулар менен иштөө планы тарых, георафия, билогия сабактарынан түзүлгөн,сентябрдан тартып окуучуларды олимпиадага даярдоо максатында кошумча сабактар график боюнча өтүлгөн. География, биология сабактарынан мультимедиалык каражаттарды колдонуп чыгармачыл сабактарды Сукенова Н. Кыштобаева Н. 8-11-класстарына өтүшкөн. Бирикмеде фундаменталдык предметтер боюнча административдик текшерүү иштери, чейректин текшерүү иштери алынып жыйыныкталган.Химия предметинен админ-к текшерүү иши алынган жок, 2-чейректе интеллектуалдык марафондо текшерүү иштери алынган, химия мугалими Ибрагимова Ж.Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген мектептин орус классында иштегендигине байланыштуу,сабак өтүү усулун,жалпы документациялардын толтурулушун,жазуу иштеринин жалпы абалын,класс жетекчилигин бир нукка келтире албагандыктан, 3-чейректе мугалимдин ишин көзөмөлдөп,усулдук жардам берүүнү улантуу керек. План боюнча мугалимдердин өз ара сабакка катышуу дептерлери уюштурулган, 1-2-чейректе мугалимдер өз ара 5-10 сабакка катышышкан. Мында мугалимдер бири-биринен методикалык жардам алышууда. Зоналдык олимпиадага тарыхтан Жумалиева Ч.К. 10-класстын окуучусу Курманбек к.Г.биологиядан Кыштобаева Н. К. 11-класстын окуучусу Аманбекова георафиядан Сукенова Н.М. 10-класстын окуучусу Мирбек у.Н. химиядан Тынышбаева М. 10-класстын окуучусу Дамир к.А-ны даярдап,олимпиадада Аманбекова Э. биологиядан,Дамир к.А. химиядан,Мирбек у.Н. географиядан 1-орундарды алышып,учурда райондук олимпиадага даярданып жатышат. Эстетика бирикмесинин декадасында дене тарбия мугалими Тилемишов Т.Ж. 5-декабрда Бүткүл дүйнөлүк “СПИДке каршы күрөшүү” күнүнө карата Тамчы гимназия мектеби,Кош-Көл №85 кесиптик лицей жана Касым Тыныстанов орто мектеби арасында футбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлгөн.Анда №85 кесиптик лицей 1-орунду,2-орунду Касым Тыныстанов орто мектеби, 3-орунду Тамчы гимназиясы ээлеп,грамота, дипломдор менен сыйланышкан.Бул мелдешке Касым Тыныстанов орто мектебинен 9-10-11-класстардын 15 окуучусу катышкан.Ушул мектептин 15 окуучусуна футбол боюнча жумасына 6 саат машыгуу сабагы өтөт.Жумасына бир жолу Тамчы гимназиясы жана №85 кесиптик лицейдин командалары менен тажрыйба топтоо үчүн жолдоштук беттеш өткөрүлүп келүүдө. Айыл ичинде жумасына бир жолдон мектептин командасы менен айылдын командалары тажрыйба алмашууда.Кышкы каникул учурунда окуучулардын бош убактысын туура пайдалануу максатында спорттук оюндар план боюнча өтүлөт. 19-декабрда 8-б классынын демилгеси менен “Тогуз коргоол” оюну 5-класстардан 9-класстарга чейин өткөн. Ар бир класстан 2ден окуучу катышкан,теңме-тең кыздар балдар ойношкон.Оюндун жыйынтыгында 1-орунду 9-б классынын окуучусу Бактыбек у.Ынтымак,2-орунду 9-а классынын окуучусу Абдыкадырова А. 3-орунду 7-б классынын окуучусу Эмил уулу Аскат,4-орунду 7-а классынын окуучус Шаршенкулова уткан. 1-орунга өтмө кубогу, калган орундарга дипломдор берилген.Кийинки оюнду 7- класстар уюштурушат. ”Тогуз коргоол” оюнун 2-чейректен баштап 5-9-класстарга дене тарбия мугалими Жылкыбек у.Улукбек сабак өтүп, үйрөткөн. Кыштобаева Назгүл Кубатовна биологиядан 9-10-12-декабрда 6-а классына “Топурактын курамы жана жер семирткичтер” темасында практикалык ачык сабак өткөн.Сабакта топурактын курамы,жер семирткичтердин өсүмдүктөргө тийгизген таасирин,топурактын эрозиядан сакталышына, тамырдын аткарган ролу, адамдын турмушунда топуракты колдонулушу, медицинада жана өнөр жайда,өндүрүштө, керектүү продукциялардын алынышы тууралуу, түшүнүк берилген.Ошондой эле интерактивдүү усулдардын жардамы менен мурунку өтүлгөн тема бышыкталган,кайталоо жүргүзүлгөн. Сабактын башында сабактын максаты,тиби,формасы,колдонула турган ресурстар жөнүндө түшүндүрүлдү. Сабакта БББ стратегиясы,практикалык иш,таблица,топурактын курамын аныктоо тажрыйбалык иштери пайдаланылды. Практикалык сабак 45 минутага эсептелген. Ар бир окуучуга практикалык иштин мазмуну таратылып берилип,ошол берилген иштер боюнча ар бир окуучу өз алдынча иштеди,керектүү материалдарды колдонуп өз алдынча тажрыйба жүргүзүштү, жыйынтыгын окуучулар өздөрү чыгарышты.Практикалык иш дептерлерине ар бир аткарылган ишти жазып,сүрөттөрүн тартып, таблицаларды толтурушту.Сабак максатына жетти. Класстын жалпы билим сапаты-36%. 5-а классына ТТКНден “Жолдо жүрүү эрежелерин сактоо боюнча ачык сабак өтүлгөн.”Жолдо жүрсөң так бол,шумкарлардай сак бол!” ураанынын астында окуучулар жол белгилерин жана эрежелерин билишет, айтып бере алышат.Жолдо жүрүүдө кандай эрежелер жана белгилер бар экендиги тууралуу чыгармачылык иштер жүргөн.Окуучулар жолдо жүрүү эрежелерин жана жол эрежелеринин белгилеринин кызматын билишти.Сабак аралаш сабак болуп, окуучулар коллективдүү иштешти.Иллюстративдик жана репродуктивдүү усулдар колдонулган.Сабакка жол эрежелери боюнча макалдар,светофор,түстүү сүрөттөр, жеңил машинанын жана поездин макеттери коюлган.Окуучулардын бардыгы пилотка кийип,эмблема тагынышкан.Окуучулар жол эрежелери боюнча ырларды жатташкан, “Укпасбек жана Жоломан” сценкасын коюшкан,паровоздун макетин көрсөтүп Кадыралиев С.темир жолдогу окуя боюнча кыскача баядоо жүргүзгөн.Аскарбеков К. табышмактарды айтып балдардан жооп алган.Жолдо жүргөн окуучулардын жол эрежесин бузгандыгы тууралуу сценка коюлган.”Чана менен муз теппегин”кышкы каникул убагында болгон окуяны сценкада чагылдырган.”Азыр кайсы команда кыйын?” оюнунда жол белгилерин таап жатышты.Сабакты жыйынтыктоодо өтүлгөн сабак боюнча эссе жаздырды,сабакта алган билимдеринин негизинде окуучулардын билгичтиги бааланды.Сабак максатына жетти. Окуучулардын билим сапаты-35%. 11-класска “Органикалык дүйнөнүн тарыхый өрчүшү” боюнча саякат сабак өтүлгөн.Сабактын максаты:оргпникалык дүйнөнүн тарыхый өрчүшүндөгү архий, протеразой,палеазой,мезазой,кайназой эраларындагы тиричиликтин өрчүп өсүшүн жетиштүү өлчөмдө фактылар менен далилденген билимди алышат.Эралардагы флоралар менен фауналардын алмашуусун жаңы түрлөрүнүн келип чыгышын тиричиликтин өрчүп өсүшүн,маанисин,ыңгайлануусун ачып көрсөтүшөт.Окуучулар далилденген фактылардын негизинде азыркы экологиялык абалдын өхзгөрүшү жана булганышы жөнүндө жаңы маалыматтарды алышкан.Сабактын тиби жаңы материалды өздөштүрүү,үйрөнүү.Сабакта класс 5 кичи топко бөлүнгөн.Иллютративдик жана инрактивдүү усулдар колдонулду.Сабак ДВДдиск, телевизор жана геохронологиялык таблица,дүйнөнүн картасы,сүрөттөр,схемалар,ватман, маркер ошондой эле палеантологиялык таблица колдонду.

Сабактын жүрүшүндө:

1.Мугалим алгачкы кездеги жердин түзүлүшү боюнча комметарий берди

2.Суу тиричиликтин алгачкы чөйрөсү боюнча слайдддар көрсөтүлгөн,органикалык дүйнөдөгү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн көп түрдүүлүгү боюнча видео тасма көрсөтүлдү,топтор бири-бирине саякатка чыгышты.Ар бир топ өзүнө тиешелүү болгон эраларды,доолорду жана мезгилдерди айтып,өздөрү тарткан сүрөттөрдү көрсөтүп,фкатыларды коюп далилдеп презентациялашты,ошондой эле ар бир топ окумуштуулардын гепотезаларын айтып ватманга түшүрүштү.Сабактын аягында ар бир окуучу органикалык тарыхый дүйнөнүн өсүшү боюнча өздөрүнүн гепотезаларын билдиришти.Ар бир окуучу активдүу катышты.Сабак суроо-жооп иретинде бышыкталды,окуучулар бири-бирин баалашты. Сабак максатына жетти. Окуучулардын билим сапаты-19%ти түзөт. Кыштобаева Н. биологиядан 6-11-класстарга практикалык, лабораториялык, тесттик иштерди өз учурунда алат,бирок окуучулардын жазуу иштеринде грамматикалык каталар текшерилбейт. География мугалим Сукенова Н.М. 11-класска 15-декабрда “Экологиялык –глобалдык проблема жана экологиялык маданият” темасында семинар сабак өткөн. Сабакка класс 7 топко бөлүнгөн алар: Кыргызстан,Россия,,Африка,Украина,Япония,Кытай,Индия.Семинарга ар бир топ өз алдынча мамлекеттер тууралуу маалыматтарды билдирип,маданиятынын өсүшүн көрсөтүштү.Семинарда маалыматтар абдан кеңири даярдалгандыктан 45 мүнөт жетишсиз болду.Сабакка бул мамлекеттердин желеги, эмблемасы,улуттук кийими колдонулду.Маалыматтар интернеттен алынгандыктан жалпы окуучулар үчүн семинар абдан кызыктуу болду,алар жаңы маалыматтарга ээ болушту. Окуучулардын жалпы билим сапаты-29%. Географиядан Сукенова Н. 11-классына ЖРТнын үстүндө кошумча иштейт.Географиядан практикалык,тесттик иштер текшерилип кемчиликтери көрсөтүлгөн. Искакова Айнур 10-11-декабрда 30-ноябрда “Ф-5” 7-а классы,”Тентектер” 7-б классы,”Одноклассники” 8-б классы,”Ариет” 8-а классы,”Алга” 10-класс жана “Элестет” 11-класстардын командаларынын катышуусу менен КВН оюнунун 1-сезонун өткөргөн. КВН оюнун 1997-жылкы мектепти бүтүп кеткен окуучулар уютурушкан.Оюндун жыйынтыгында жеңүүчү командалар өтмө кубок, грамоталар менен сыйланышып жарым финалга өткөн.10-декабрда жарым финал оюнуна өтмө кубоктун ээси “Ф-5” 7-а классы, ”Элестет” 11-классы,”Ариет” 8-а классы жана “Алга” 10-класстын командалары катышкан.Өтмө кубокту кайра эле “Ф-5” 7-а классы утуп алып финалдык оюнга өтүшкөн,ошондой эле финалга “Элестет” 11- классы,”Алга” 10-класстарынын командалары өтүштү.КВНдин финалдык оюну 3-чейректе өткөрүлөт. 7-а классына “Күчтүү талапкер” оюнун ата-энелердин катышуусу менен өттү.Сабакка мен класстын күчтүү окуучусумун деген 8 окуучу катышты,сабак 7 тур менен өттү,жыйынтыгында Шаршенкулова Ж. жеңип чыкты.Балдардын билгичитиги ата-энелер тарабынан бааланды.Окуучулар оздөрүнүн билим деңгээлин билишти.Сабак максатына жетти.11-декабрда 5-аб класстарына “Балдардын сынагына сынбайсызбы?” дебатын эстетика бирикмесинин жетекчиси Сукенова Н-н катышуусу менен өттү.Балдар үчүн бул дебат абдан кызыктуу,окуучулар мындай дебаттарды ата-энелердин катышуусу менен көп өтүп туруусун суранышты.Дебатка бардык окуучулар активдүү катышты, дебат 2 тур менен өткөн. Жалпы эстетика бирикмесинин декадасында аткарылган иштер канааттандырарлык деп белгиленген.Декадада тарыхтан Жумалиева Ч.Чындавлетова Н. сабак өтпөгөн мугалимдер 3-чейректе чыгармачыл сабактарын өтүшкөн.

Декаданын жыйынтыгы менен төмөнкүдөй милдет келип чыккан:

1.География, химия,биология,тарых предметтери боюнча 5-11-класстын окуучулары менен ЖРТ,НЦТнын үстүндө кошумча пландын негизинде иштөө.

2.Таланттуу,аяр мамиледеги окуучуларга кошумча сабак өтүү.

3.Жазуу иштери: текшерүү иш,тест,практикалык, лабораториялык иштерди өз учурунда, сапаттуу алуу.

4.Ар бир окуучунун билим сапатына анализ-мониторинг жүргүзүү.

3-чейректин 28-январында 10-класстын окуучусу Мирбеков Н-ны география мугалими Сукенова Н. райондук олимпиадага даярдап, катышып 3-орунга ээ болгон. 13-18-февралда “ХХ1 кылымдагы Илим жана техника” жумалыгы өткөрүлгөн.Жумалыкка 7-11-класстар катышкан.8-б классынын окуучусу Таалай уулу Эмир өсүмдүктү тамчылатып сугаруу боюнча макет жасап,мектеп ичинде 1-орунга ээ болуу менен райондук кароо-сынакка катышкан. 8-а класстын Асангулов Э. Бейшебек уулу Т.үйгө заряддап жарык берүү жана тамчылатып сугаруу макетин жасап 2-орунга ээ болушкан.Тарых мугалимдери Жумалиева Ч. Чындавлетова Н-н жетекчилиги менен 18-февралда райондук “Милициянын жаш жардамчылары” кароо-сынагына активдүү катышкандыгы үчүн грамота менен сыйланган.27-февралда өткөрүлгөн райондук ЖРТга 9-класстан 17 окуучу катышып географиядан 16 окуучу “4”,”5” алган-100%,тарых сабагынан 5 окуучу жазып 5 окуучу тең “4” алган-100%,10-класстан 2 окуучу химиядан жазып “4” алган-100%,11-класстан химиядан 1 окуучу “4”кө жазган-100%,4 окуучу географиядан жазып 3 окуучу “4” алган-90% түзгөн.ЖРТга география, тарых, химиядан предметтик мугалимдер жакшы даярдашкан. Эстетика бирикмесинде жазуу иштери 27.02-14.03 текшерилип,анализ берилген. Дене тарбиядан 12-февралда областык маштабда өтүлгөн Грек-рим күрөшү боюнча спорттук мелдешке 3-4-5-6-7-8-9-10-11-класстардын окуучулары катышып 6-а классынын окуучусу Асанакунов Ч. 3-орун,9-а классынын окуучусу Кенжешов 11-класстын окуучусу Рымбеков Ы.4-класстын окуучусу Абышов Т. 6-б классынын окуучусу Шекеев К. 4-орунга ээ болушкан.Март айында Бишкек шаардык мелдешке катышып Асанакунов Ч. 3-орун Арыков А.Абышов Т.4-орунга ээ болгон.Февраль, март айлары баскетбол, футбол,шахмат оюндары боюнча спорттук мелдештерге 8-9-10-11-класстардын окуучулары катышып 1-2-3-орундарга ээ болуу менен 4-чейректе баскетбол боюнча областтык Манасиадага катышып 2-орунга ээ болушкан.Адеп сабагынан Искакока А.К. Блумдун ыңгайлаштырган таксономиясынын негизинде “Тарых жана маданият жылына” карата 5-6-7-8-класстар арасында жалпы мектеп ичинде семинар сабактарын өткөргөн,сабакта 6-а,7-акласстары-1-орун, 5-б,6-б,8-а класстары-2-орунгу ээ болушкан.Бул сабактар окуучулардын атаандаштыгын,предметке кызыгуусун,класстар арасындагы сын көз карашты күчөткөн. Мугалимдер арасында өткөрүлгөн “Эл ичи өнөр кенчи” кароо-сынагында бирикмесинин жетекчиси география мугалими Сукенова Н.М.-1-орунга ээ болгон. 20-апрелдеги райондук НЦТда Сукенова Н.М. сабак берген 9-аб класстарынан географияга 12 окуучу катышып бардыгы тең “4”,”5” алышкандыктан-100%ти түзгөн, 10-класстан 4 окуучу катышып,3 окуучу “4”,”5”ке ээ болгон-75%. 11-класстан 14 окуучу катышып,4 окуучу “4” алган-28%. Тарыхтан Жумалиева Ч.К. сабак берген 11-класстан 17 окуучу катышка,алардын ичинен 3 окуучу “4” алган-17%,9-аб класстардан 15 окуучу катышып, бардыгы тең “4”,”5” алуу менен-100%ти түзгөн. Химиядан Тынышбаева М. сабак берген 10-класстын окуучусу Дамир к.А. катышып “4” алган.

Жылдын жыйынтыгы менен төмөнкүлөрдүн үстүндө иштөө сунушу берилген:

1.2016-2017-окуу жылында фундаменталдык предметтер боюнча окуучулардын текстти көркөм окуп, түшүнүүсүнө, тексттин мазмунун сүйлөй билүүсү менен,алган билиминдерин турмушта колдоно алууга тарбиялоо.

2.Фундаменталдык предметтер боюнча ар бир предметтик мугалим ЖРТ,НЦТ, СЕКОМ менен иштеп 1ден окуучуну олимпиадага 4төн окуучуну тесттин жыйынтыгында жогорку баллдарга ээ болууга жетиштирүү.

Педагогика бирикмесинде 15-сентябрь 2015-жылы 2014-2015-окуу жылында аткарылган иштер боюнча анализинин негизинде жаңы окуу жылына милдет кабыл алынган:

1.2-4-класстардын окуучуларынын фундаменталдык сабактар боюнча тексти көркөм, үн кубултуп окуп, мазмунун түшүнүп, турмуш менен байланыштырып талдай билүүсүнө өзгөчө көңүл буруу.

2.Окуучулардын каллиграфиясынын үстүндө иштөө.

3.Таланттуу жана аяр мамиледеги окуучулар менен үзгүлтүксүз иштөө милдеттери коюлуп жарым жылдык иш план түзүлгөн.

480 саатык “Наристе” прогарммасынын негизинде 30-октябрда жана 19-ноябрда ”Ички сырткы баа берүү”семинары башталгыч класстын мугалимдеринин катышуусу менен окуу бөлүм башчысы Искакова А.өткөн. 1-2-чейректе 2-4-класстардан административдик текшерүү иштери,интеллектуалдык марафон,чейректик текшерүү иштери алынып анализ жүргүзүлгөн. 7-17-декабрда адабий окуудан окуучулардын окуп түшүнүүсү,текстти талдоосу,турмуш менен байланыштырып колдоно билүүсү текшерилген. Жазуу иштери, күндөлүктөр,таланттуу окуучулар менен иштөө иши 1-2-чейректин аягында текшерилип анализ жүргүзүлгөн. Насаатчы мугалимдер Асаналиева А. Исаева Т.1-жарым жылдыкта жаш мугалимдер Мусабекова Ж. Турумбекова Ж-н өндүрүштүк пландарын иштеп чыгууга,тиешелүү документациялардын толтурулушуна,класс жетекчилик ишине,окуучулардын жалпы жазуу иштеринин абалынын жакшырышына көмөк көрсөтүп келишүүдө. Педагогика бирикмесинде 9-14-мартта декада өткөн.1-б классында Абыкеева А. математикадан “11-20га чейинки сандарды алып-кошуу” темасында ачык көрсөтмөлүү сабак өткөн.Сабакка мультимедиалык каражаттар колдонулуп, ар бир берилген тапшырма экрандан көрсөтүлүп,окуучулар үчүн так түшүнүктүү болду.Саякат сабагында мугалим 12 тапшырма камтыган, окуучулар ар бир тапшырманы так аткарышат,класс эки топто активдүү иштеди,сабакка камтылбаган окуучу болгон жок,мугалимдин сабак өтүү ишмердүүлүгү, чыгармачылыгы 90 упайга ээ болгон. Сабак максатына жетти. 4-мартта 4-а классына Ашымбекова К.И. адабий окуудан “8-Март апалардын майрамы” темасында ачык көрсөтмөлүү сабак өткөн.Сабакка энелерге арналган ырлар,макалдар,дилбаяндар,кластер,синквейн,эссе камтылып,сабак топтордо иштетилди,ата-энелер катышты.Окуучулар топтордо активдүү иштешти, атаандаштык күчтүү.Сабак максатына жетти. 14-мартта 1-а классына Асаналиева А.О. Алиппеден К.Ушинскийдин ”Айбанаттардын талашы” темасында ачык көрсөтмөлүү сабак өткөн.Сабак борборлоштурулуп окутуу максатын көздөгөн,Блумдун ыңгайлаштырылган таксономиясы колдонулган.Сабак учкул сөздөр, сүрөттөр,оюнчуктар менен жабдылган.Баалоонүн үч түрүн колдонгон.Сабакты окутууда класс 4 борборго бөлүнгөн.Ар бир борборду ата-энелер көзөмөлдөштү.Бул өтүлгөн сабак окуучулардын борборлордо активдүү иштешине,өз ара атаандаштыкты күчөтүүгө түрткү берди.Сабакка бардык окуучулар активдүү катышты.Пландаштырылган иштер толук аткарылды.Сабак 100 упай менен бааланып,максатына жетти4-б классына Исаева Ж.Т. 15-мартта “Жаз” темасында борборлоштурул окутуу боюнча ачык сабак өткөн.Класс 4 топко бөлүнгөн,ар бир топто лидердик милдетти ата-энелер аткарышты,топ мүчөлөрүнүн билим деңгээлине баа берип турушту.Сабакка БББинсерт стратегиясы,кластар,синквейн усулдары колдонулган,тапшырмада эссе,карточкалар менен иштөө,жомок түзүү,көркөм окуу,сценка оюну,аткарылган иштерди жыйынтыктоо презентациясы болду.Сабактын жүрүшү 90 упай менен бааланып,сабак максатына жетти. 16-мартта Жолочиева Н. 3-б классына адабий окуудан “Сүмөлөк” темасында ачык сабак өткөн.Сабакка синквейн,кластер усулдары,сүрөттөр,карточкалар колдонулган.Тапшырмада окуучулар сценка коюшту,эссе жазышты,текстти окууда көркөм,чынжырча,жупта окуу ыкмалары колдонулган.Окуучулар активдүү катышты,камтылбаган окуучу болгон жок.Сабак максатына жетти. 2-б классына Исаева Т.М.16-мартта “Акыл ордо” таймашын өткөн,таймаш 3 тур менен өттү,фундаменталдык предметтердин бардыгы камтылган,70 суроодон түзүлгөн,натыйжада Кубанычбекова А.жеңүүчү болуп чыккан.Бул таймаш окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрдү. 3-а классына Абдылдаева Г.7-мартта адабий окуудан “Гүл жана булбул” темасында ачык көрсөтмөлүү сабак өткөн. Сабакка баалоонун түрлөрү,топто иштөө формасы, оюндар,интерактивдүү усулдар,слайд-шоу,”Бирге окуйбуз” долбоорунун негизинде ата-энелердин жардамы менен берилген тексти окуп түшүнүү ыкмасы колдонулган.Окуучулардын логикалык ойлоосун,эс тумун өстүрүүгө карата фото көз оюну ойнотулган.Сабакта пландалган иштердин бардыгы толук аткарылган,сабак максатына жетти,ар бир окуучу активдүү катышты, көркөм окуй алышты,текст боюнча турмуш менен байланыштырып колдонуу, талдоо,баалоону толук көрсөтүштү. 2-а классына Мусабекова Ж.15-мартта мекен таануудан “Үй канаттуулары жана жапайы канаттуулар” темасында көрсөтмөлүү сабак өткөн.Сабакка слайд-шоу,сүрөттөр,карточкалар,баалоонун түрлөрү колдонулган.Класс 3 топто иштеген.Сабакка бардык окуучулар камтылды.”Бирге окуйбуз” долбоорунун негизинде текстти ата-энелердин жардамы менен бирге түшүндүрдү.Сабак максатына жетти.

Декаданын жүрүшү менен төмөнкүлөргө көңүл буруу сунушу берилген:

1.Окуучуларды адабий окуу, кыргыз тилине кызыктыруу максатында куурчактардын жардамы менен жомок,аңгемелерди ролдоштуруп сабак өтүү.

2.Математикадан төрт амал менен иштөөнү өздөштүрүү.

3.Жат жазуу, текшерүү иш,дилбаян,тесттик тапшырмаларды сапаттуу алуу, сапаттуу текшерүү менен окуучулардын каллиграфиясына өзгөчө көңүл буруу.

Натыйжада:

480 сааттык “Наристе”программасы боюнча семинар өтүлүп,усулдук колдонмонун негизинде даярдоо классынын мугалими жаш адис Турумбекова Ж.декабрь айынан тартып иштесе дагы сабактын иштелмесин иштеп чыгууга ,көрсөтмө куралды колдонуп сабак өтүүгө көнүгүп калган. 4-чейректе райондук масштабда өткөрүлгөн “Алфавиттик принцип”,”Фонетикалык талдоо”,”Окуганын түшүнүү”,”Көркөм окуу”,”Шар окуу”,”Окуу лагери” семинарларына бирикме жетекчиси Исаева Т.М. мүчөлөрү Турумбекова Ж. Абдылдаева Г. Мусабекова Ж. Абыкеева А. Жолочиева Н. семинарларына катышып,мектепте бирикмеде семинар өтүлүп, келерки окуу жылына карата төмөндөгү милдеттин үстүндө иштөө керек экендиги аныкталган.

2016-2017-окуу жылына карата милдет:

1.”Бирге окуйбуз” долбоорун ишке ашыруу.

Педагогикалык кеңеште каралган маселелер

1-педсовет:

1.29-августа 2015-жылы өтүлгөн педсоветте 2014-2015-окуу жылынын аткарган иши боюнча толук отчёт анализ берилген.Мисалы: бүтүрүүчү класстардын 17 окуучусунун ичинен ОРТдан 10 окуучу 110ден 160 баллга чейин алып, 9 окуучу бюджеттик бөлүмдөн билим алып жатышат.2013-2014-окуу жылы менен салыштырганда 2014-2015-окуу жылында 27%ке өсүш болгон. Мектептин билим сапаты 2013-2014-окуу жылынын жыйынтыгы менен 2014-2015-окуу жылынын жылдыгын салыштырганда 21% болуп 1%ке төмөн көрсөткүч берген.

2. 2014-2015-окуу жылынын ОТЖПсы талкууланып бекитилген,анда өткөн 2014-2015-окуу жылында аткарылбаган иштер мисалы:таланттуу жана жетишпеген окуучулар менен иштөөнүн жетишсиздиги, миниолимпиаданын аз өткөндүгү, ОРТ менен иштөөнү күчөтүү,математика боюнча НЦТ,“Кенгуру” тестти менен иштөөнү, окутуунун жаңы усулдарын сабакка колдонууну жана өз ара сабакка катышууну жөнгө салуу, бирикмелердин ишин, насаатчылардын ишин, 2-11-класстарда фундаменталдык предметтер боюнча окуучулардын окуп түшүнүүсүн, текстин м азмунун түшүнүп, турмуш менен байланыштырып, талдай билүүсүн жөнгө салуу керек экендиги эске алынып түзүлгөн.

3.Класс жетекчилер,насаатчы мугалимдер,клуб, кружок жетекчилери, эксперттик топ бекитилген,предметтик мугалимдерге саат бөлүштүрүлгөн.

2-педсовет: 1.5-ноябрь 2015-жылы өтүлгөн педсоветте

1. 10-31-октябрда 2-11-класстарынан алынган административдик текшерүү иштердин жыйынтыгы,окуучулардын билим сапатынын мониторинги каралып, 7-б,8-б класстарынын билим сапаты төмөн, сабакка катышуусу начар болгондуктан 9-ноябрдан 12-декабрга чейин мектеп администрациясы, предметтик мугалимдер,класс жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынган.

2.1-чейректин жыйынтыгы окуучулардын билим сапатынын отчёт-анализи.Мектептин химия мугалими Ибрагимова Ж-н сабагын, класс жетекчилигин 9-ноябрдан-30-ноябрга чейин көзөмоло алып усулдук жардам берүү жагы мектеп администрациясына, бирикме жетекчиси Сукенова Н-га тапшырылган.

3.”Жоопкерчиликти күчөтүү менен билим сапатын жогорулатабыз”- темасында талкуу жүргүзүлүп, чечим кабыл алынган.

3-педсовет: 15-январда өтүлгөн педсоветте

1. 1-жарым жылдыктын жыйынтыгы 2-жарым жылдыкка милдеттер. 1-жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 2-жарым жылдыкка милдеттер кабыл алынган.

2.”Мектеп соцпедагогу өспүрүмдүн кыялы менен кошо жашашы керек”. Соцпедагог коопсуз,ички-сырткы мигрант,аз камсыз болгон,Риск группасындагы үй-бүлөдөгү окуучулар менен жакындан иштөө жөнүндө,түнкү,коомдук жайларда рейддерди күчөтүү,суицид жөнүндө маалымат берген.

3.Техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо,эмгекти коргоо боюнча пофком маалымат берген.

4-педсовет. 8-апрель 2016-жыл

1.3-чейректин жыйынтыгы каралып мониторинг чыгарылган.

2.Фундаменталдык предметтер боюнча 5-11-класстарда административдик текшерүүнүн жыйынгы чыгарылып анализ берилген.

5-педсовет.3-май 2016-жыл

1.Мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясынын көчүрүү сынактардын күндөрү мөөнөттөрү аныкталып тапшырмалары бекитилген,мамлекеттик жыйытыктоо аттетациясына 9,11-класстардын окуучулары киргизилген.

2.5-8,10-класстардын окуучуларын көчүрүү “эң жакшы” жетишкендиги жана үгүлүү жүрүш-турушу үчүн” мактоо барагы менен сыйлоо жөнүндө.

6-педсовет. 23-май 2016-жыл

1.1-4-класстарды класстан класска көчүрүү.

2.9,11-класстардын бүтүрүүчүлөрүн “Айрым сабактарды окууда өзгөчө жетишкендиктери үчүн” мактоо барагы менен сыйланган.

3.9,11-класстын окуучуларын ЖРТнын жыйынтыгы боюнча оозеки сабактарынан бүтүрүү аттестациясынан бошотулган.

4.Мугалимдерди, техперсоналдарды кезектеги өргүүгө чыгаруу жана кезектеги ремонттун жүрүшү.

7-педсовет.4-июнь 2016-жыл

1.5-8,10-класстар класстан класска көчүрүлгөн.

8-педсовет. 18-июнь 2016-жыл

1.9-классты бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик аттестациялоонун жыйынтыгы менен жалпы негизги билими жөнүндө күбөлүктөрдү тапшырылган.

9-педсовет. 22-июнь 2016-жыл

1.11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик жыйынтыктоо аттетациялоосунун жыйынтыгы менен орто билими жөнүндөгү аттестат тапшырылган.

Директор алдында каралган маселелер:

1-кеңеш.3-октябрь 2015-жыл

1.”Нур бала” бакчасынан билим алган балдардын билим деңгээлине мониторинг-анализ чыгарылган.

2-кеңеш. 27-октябрь 2015-жыл

1.5-6-класстардын окуу техникасы жана окуп түшүнүүсүнө карата анализ-мониторинг жүргүзүлгөн.

3-кеңеш. 30-ноябрь 2015-жылы өткөн кеңеште

1.3-11-класстар арасында интеллектуалдык марафондун жүрүшү боюнча анализ жүргүзүлгөн.

4-кеңеш. 24-декабрь 2015-жылы өткөн кеңеште

1.1-аб класстарынын окуучуларынын билим деңгээлине мониторинг-анализ берилген.

2. 2-4-класстарга кыргыз тилинин берилиш абалы текшерилген.

3.Зоналдык олимпиаданын жыйынтыгы менен 6 окуучунун райондук олимпиадага даярдоо боюнча график түзүлүп пердметтик мугалимдерге даярдоо жагы милдеттендирилген.

5-кеңеш. 29-январь 2016-жылы өткөн кеңешмеде

1.Куррикулум окуучулардын сабаттуулугун өнүктүрөт. 1-4-класстардын окуучуларынын билим сапатына тийгизген таасири жөнүндө кенен маалымат берилегн.

2.Класстык журналдардын окуучулардын өздүк делолорунун абалы текшерилип кемчиликтери баса көрсөтүлгөн.

3.Таланттуу жана жөндөмдүү окуучулар менен иш алып баруу.Таланттуу окуучулар менен иштөөнүн анализи чыгарылган.

4.Райондук олимпиаданын жыйынтыгы.Райондук олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, райондо 1-орун ээлеген Рыскелдиева А-ны областтык олимпиадага даярдоо кыргыз тили жана адабияты мугалими Арыкбаева Ү-гө милдеттендирилген. Түзүлгөн график боюнча фундаменталдык сабактардан, предметтик мугалимдерге таланттуу окуучулар менен жылы бою олимипадага,ОРТга үзгүлтүксүз даярдоо жагы баса көрсөтүлгөн.

6-кеңеш. 19-февраль 2016-жылы өткөн кеңеште

1.5-6-класстардын окуу техникасы окуп түшүнүүсүн мазумунун сүйлөй билүүсүнө жана алган билимдерин турмушта колдонуусу, талдоо маселеси терең коюлган.

2.ХХ1 кылымдын интеллектуалы кароо-сынагына карата “Илим техника жана өндүрүш" жумалыгы өткөрүлгөндүгү, активдүү катышкан класстар, окуучулар белгиленгендиги жөнүндө айтылды.

3.9-аб класстарынын билим сапаты тарбиялык иштердин жүрүшү каралып анализ берилип, кемчиликтери көрсөтүлгөн.

7-кеңеш. 17-март 2016-жыл

1.Мектептин китепканасынын ишинин абалы каралып,кемчиликтери көрсөтүлгөн.

2.2-4-класстарды кыргыз тили сабагынын берилиш абалы каралып анализ берилген.

8-кеңеш. 6-май 2016-жыл

1.1-класстардын билим деңгээлине мониторинг анализ жүргүзүлгөн.

Усулдук кеңеште каралган маселелер:

1-кеңеш: 30-сентябрь 2015-жыл

1.Мектепке чейинки 480 сааттык “Наристе” программасын талкуулоо.

2.КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин предметтердин бирдиктүү стандартын талкуулоо,өндүрүштүк пландардын түзүлүшүн толуктоо.

2-кеңеш: 19-октябрь 2015-жыл

1.30-сентябрда өтүлгөн усулдук кеңештин токтомунун аткарылышы.

2.2-4-класстарда окуучулардын көркөм окуп түшүнүүсү.

3.Жаш мугалимдердин иш аракети.

3-кеңеш: 5-декабрь 2015-жыл

1.Филология бирикмесинин декадасында мугалимдердин иш аракетине анализ берилген.

2.Мектеп ичиндеги олимпиаданын жүрүшү менен 10-11-класстын 7 окуучусу зоналдык олимипадага катышууга мүмкүнчүлүк алышкан.

4-кеңеш:18-декабрь 2015-жыл

1.2-4-класстарда адабий окуудан окуучулардын көркөм окуп түшүнүүсү текшерилип,анализ берилген.

2.Эстетика бирикмесинин декадасында мугалимдердин чыгармачылык ишине баа берилип,анализ жүргүзүлгөн.

3.Физика,биология,география сабактарынан лаборатоирялык,практикалык иштердин берилиш абалына анализ берилген.

5-кеңеш 10-февраль 2016-жыл өткөн кеңеште

1.18-декабрь 2015-жыл өткөн усулдук кеңештин токтомуну аткарылыш жөнүндө маалымат берилип, аткарылбаган иштерге кайра көзөмөл коюлган.

2.Математика ОИВТ, физика сабактарыны берилиш абалы,МИФ бирикмесинин декадасынын жүрүшү каралып анализ берилген.

6- кеңеш 18-март 2016-жыл

1.10-февраль 2016-жылы өткөн усулдук кеңештин токтомунун аткарылышынын жыйынтыгы чыгарылган.

2 Педагогика бирикмесинин декадасы,сабактарынын берилиш абалы каралып анализ чыгарылган.

3.Бүтүрүүчү класстарда кыргыз тили, орус тили,математика сабактары боюнча жазуу иштеринин абалы каралып,4-чейректе жазуу иштеринин үстүндө сапаттуу иштөө милдети коюлган.

7-кеңеш 28-апрель 2016-жыл

1.18-мартта өткөн кеңештин токтомунун аткарылышы каралып,иштин жүрүшү боюнча маалымат берилген.

2.Химия,физика,биология,географиядан лабораториялык,практикалык иштердин берилиш абалы каралып,анализ чыгарылган.

3.Мугалимдер арасында ”Тарых жана маданият жылына” карата “Эл ичи өнөр кенчи” кароо-сынагынын жүрүшү жана “Өнөрлүү окуучу-2016”кароо-сынактарынын өтүшү каралган.

8-кеңеш 24-май 2016-жыл

1.2-4-класстарда окуучулардын көркөм окуусу, окуп түшүнүүсү текшерилип жалпы анализ чыгарылган. 2. Мектептепте усулдук бирикмелердин иштерин жыйынтыкталып, жаңы 2016-2017-окуу жылына карата милдеттер иштелип чыккан.

ИЧКИ КӨЗӨМӨЛ

Окуучулардын предметтер боюнча билим сапатын текшерүү максатында ай-айларга ички көзөмөл иштери коюлган. 29-сентябрь 3-октябрда “Нур” бала бакчасынан билим алган 1-аб класстарынын окуучуларынын билим деңгээлине анализ –мониторинг жүргүзүлгөн. Бул окуучулардын жалпы билим сапаты-37% түзөт.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен СУНУШ:

1.1-б классында окуган Каниметов Т.Камчыбекова С-н ата-энеси менен байланышып,кошумча сабактарды өтүп,үзгүлтүксүз иштөө.

12-18-октябрда 2-4-класстарда окуучулардын негизги сабактардан билим сапаты (текшерүү иш, жат жазуу), окуу техникасы жана окуп түшүнүүсүнө анализ-мониторинг жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында:

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен СУНУШ:

1.Фундаменталдык предметтер боюнча эң начар окуган 2-а классынын окуучулары Аргымбаева А. Барктабасова Б. 3-а классынан Аскербеков Б. Жыргалбеков Э. 3-б классынан Абдыкадыров, Турдубеков, Сабырова 4-а классынан Орозобеков 4-б классынан Садабаева,Зарылбекова К-га 1-2-класстын деңгээлинда атайын план түзүп, жумасына 2 сааттан кошумча сабак өтүү.

2.4-а класстын мугалими Ашымбекова К-га күнүмдүк сабактын планынын аягына инклюзивдик билим берүү боюнча Кулубаев Т-га тапшырма жазып,ошонун үстүндө иштөө.

7-17-декабрда 2-4-класстардын адабий окуу сабагынан окуучулардын көркөм, үн кубултуп, шар окуп,түшүнүүсүнө, тексттин мазмунун эркин сүйлөп,талдоосуна, турмуш менен байланыштырып колдоно билүүсүнө анализ-мониторинг жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен төмөнкүдөй милдет коюлган:

1.2-4-класстарда адабий окуудан окуучулардын көркөм,үн кубултуп,туура,шар окуусуна,окуган тексттин мазмунун сүйлөп,талдай билүүсүнө өзгөчө көңүл буруу. Бардык окуучуларды кошумча адабияттарды пайдаланууга үйрөтүү.

2.3-б,4-а классынын окуучуларынын шар,үн кубултуп,көркөм окуу менен тексттин мазмунун так сүйлөй билүүсүнө,текстти талдоосунун үстүндө кошумча сабак өтүү менен билим сапатын жогорулатуу.

3.2-4-класстарда “эң жакшы”,”жакшы” окуган окуучуларга көркөм адабияттарды кошумча окуу менен тексттин мазмунун түшүнүп,турмушта колдоно билүүгө үйрөтүү.

4.Аяр мамиледеги окуучуларга атайын жеңилдетилип түзүлгөн пландын негизинде,ар бир сабактын иштелмесине кошумча тапшырмаларды киргизүү.

2-5-февраль 2016-жылы өткөн МИФ бирикмесинин декадасында Физика мугалими Момунова Ч.Ж. 7-а классына “Архимед күчү” темасында ачык сабак өткөн.Негизги теманын максаты суюктукка жана газга матырылган нерсеге, суюктук жана газ тарабынан,төмонттөн жогору көздөй түртүү күчү аракет этерин көрчөтүү болгон. Буга чейин окуучулар газдар жана суюктуктагы жана катуу нерседеги басымды билишет.Шприц,пипетка,түтүкчөлөр, менен суу сордурууну, катыш идиш эмне экенин билишет.Сабак пипетка, шприц, стакан, динамометр, түрдүү көлөмдөгү жыгач, брусоктор, суусу бар идишер колдонулган. Бир далилдене турган сүрөт.Туура формадагы нерсеге суюктук тарабынан жогордон , төмөндөн,төмөндөн жогору аракет эткен күчтөрдү сүрөттөн көрүштү.Бул сабакка чейин санариптен катуу нерселердин басымын,Паскаль законун колдонулушун көрүшкөн.Сабактын жүрүшүндө өтүлгөн темаларды кайталоо үчүн мээге чабуул ыкмасы колдонулган.Архимед,Паскальдын чоңойтулган сүрөттөрү көрсөтүлгөн.Сабакта Архимед жөнүндө легендада суюктун тарабынан суюктукка матырылган туура эмес формадагы нерсеге суюктун тарабынан төмөнтөн жогору көздөй түртүү күчү таасир этери далилденди.Ага суусу бар идиш, брусок, динамометр колдонулду.Бул Архимед күчүнүн формуласы Fарх =p g v Архимед жөнүндө легендада Архимед алтын таажыны сууга салып, таажынын көлөмүнө барабар болгон суюктукту сүрүп чыгарганын аныктаган.Кийинки сабакка архимед күчүн эсептөө тапшырмасы берилген.Сабак максатына жетти. Мугалимдин чыгармачылык иши күчтүү. Момунова Ч.сабакты бардык класстарга турмуш менен байланыштырып өткөндүктөн, окуучулардын бардыгы берилген тапшырманы түшүнөт. Физикадан 7-11-класстардын текшерүү иштери,тест,лабораториялык, көнүгүү иштөөсү, конспект дептерлери толук.

СУНУШ:

1.Таланттуу окуучуларды олимпиадага даярдоо үчүн кошумча сабак өтүү, 11-класстын 3 окуучусун ЖРТга даярдоо. 2.Физикадан Алиппе ТВдеги фрагменттерди планга киргизип,сабак өтүү.

Математика мугалими Байтикова К.И. 2-февраль 2016-жылы 11- класска геометриядан “Көлөм” темасында ачык сабакты мультимедиада өткөн.Сабактын толук иштелмеси компьютерге жүктөлгөн.Мугалим темага байланыштуу слайд түзгөн,окуучуларга көрсөттү, 8-б классына геометриядан “Негизги тригонометриялык теңдештиктер” темасында сабак өткөн. Сабактын жүрүшүндө максаты көрсөтүлгөн эмес,маселе иштөөдө мугалим көбүнчө өзү иштейт,себеби 1-2-чейректе бул класска жаш мугалим Ордобаева З.сабак бергендиктен окуучулардын геометриядан түшүнүгү начар.

СУНУШ:

1.3-чейректе геометрия сабагынан 8-б классына кошумча сабак өтүү,окуучулардын билим сапатын жогорулатуу.

2.Таланттуу окуучуларды олимпиадага даярдоо үчүн кошумча сабак өтүү, 11-класстын 5 окуучусун ЖРТга даярдоо.

3.Математикадан Алиппе ТВдеги фрагменттерди планга киргизип,сабак өтүү.

Математика мугалими Исакунова Ж.А. 4-февралда 6-а классына “Рационалдык сандарды кемитүү” темасында бышыктоо жомок сабак өткөн.Класс 3 топко бөлүнгөн алар: натуралдык сандар,бүтүн сандар жана рациолналдык сандар болуп бөлүнгөн.Сабак мультимедиада өтүлгөн.Өтүлгөн теманы бышыктоодо 3 суроодон турган тест алынган,тести 3 окуучу туура эмес чыгарган, калган окуучулар өтүлгөн тема боюнча жакшы түшүнгөндүктөн билишет.Сабак сүрөттөр, проектор, компьютер,тест,таблица,карточкалар менен жабдылган. Сабак жомок болгондуктан, мугалим жомок айтуу менен бүтүн,натуралдык, рационалдык сандарды катыштырып, ар бир топко өзүнчө тапшырма берген. 2-тапшырма “Ойлон, тап!” анда окуучулар оң жана терс рационалдык сандарга сандарды кошуу жана кемитүү амалдарын жүргүзүшкөндө 2 топ туура иштеп, 3-топ 2 ката кетирген. 3-тапшырмада термометрдин көрсөтүүсүндө таблица менен иштешти. 4-тапшырмада бүтүн сандарга кластер түзүшкөн,ар бир топ аракеттенүү менен жакшы иштешти.5-тапшырма бышыктоо үчүн берилген,анда алма, печенье,конфеттин үлүштөрү боюнча рационалдык сандарды көрсөтүшкөн.Окуучулардын аракети жакшы.Ар бир топто аткарылган иштер боюнча топтордун лидерлери презентациялашкан.Баалоодо “Менин салымым” ыкмасы колдонулган, ар бир окуучу өзүнүн аткарган ишин өзү баалады.Сабак максатына жетти.Исакунова Ж. 6-7-9-класстын окуучуларына сабакты жөнөкөйлөтүп,дидактикалык материалдар, техкаражаттар, карточка, таблица, тест алуу менен өтөт. Жалпы математикадан 6-7-9-класстардын билим сапаты-20% болот.

СУНУШ:

1.6-7-9-класстардын окуучуларынын билим деңгээлине жараша сабактын иштелмесин өзгөртүү. 2.Таланттуу окуучуларды олимпиадага ,ЖРТга даярдоо. 3.Математикадан Алиппе ТВдеги фрагменттерди планга киргизип,сабак өтүү