Касым Тыныстановдун туулган күнү

Дата публикации: Mar 11, 2021 3:43:14 PM

2020-жылдын 10- сентябрында Тамчы айыл аймагынын Чырпыкты айылында

кыргыз тил илиминин түптөөчүсү, жазма адабиятыбыздын негиз салуучусу, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, реформатор жана биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 119 жылдыгына карата эскерүү иш- чарасы өткөрүлүп, урпактары айкелине гүл чамбар коюп, куран окулуп , окуучулар тарабынан ырлар окулду.

2021- жылы Касым Тыныстановдун 120 жылдыгын белгилөө боюнча Тыныстановдун урпактары тарабынан сөздөр айтылып, айыл Өкмөтү колдоо көрсөтүлүп , өткөрүү жагы сунушталды.