ачык сабактар

Дата публикации: Mar 31, 2017 4:54:14 AM

25-ноябрдагы мектеп ичиндеги олимпиадада 7-а класстан Бактияр к.А. 7-б класстан Аманбекова А.- “4” алып райондук олимпиадага катышкан. 7-декабрь 2016-жылы математика боюнча райондук семинар “Математика сабагын окутууда инновациялык технологияларды колдонуу” темасында өткөн,анда бирикме жетекчиси Исакунова Ж. 6-а классына математикадан “Айлана жана тегерек.Циркуль” темасында ачык сабак өткөн,сабакка техкаражаттар,слайддар пайдаланылган.Математика мугалими Байтикова 11-класска геометрия сабагына “Айлануу телолору” темасында ачык сабакты техкаражаттардын жарджамы менен өткөн.Үсөнбеков Ы. 7-а классына физикадан “Сүрүлүү күчү.Сүрүлүүнүн түрлөрү.Сүрүлүү коэффициенти”темасында сабагын турмуштук мисалдар менен өткөн.Информатикадан Бейшебаева Н. 7-а классына “Коомдогу жаратылыштагы жана техникадагы маалымат процесстери” темасында ачык сабак өткөн.Бардык сабактар максатына жеткен,семинарда өтүлгөн сабактар ”канааттандырарлык” деп белгиленген.